Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунун конференц-залында «Кудай сени даңктайбыз» православ музыкасынын бешинчи республикалык фестивалы өттү

  11 июня 2018   На русском
В конференц-зале Свято-Воскресенского кафедрального собора состоялся пятый Республиканский фестиваль православной музыки «Тебе Бога славим»

10-июнда Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунун руханий-агартуу борборунун конференц-залында ыйык Ысык-Көлдүк Ираклийди эскерүүгө арналган, «Кудай сени даңктайбыз» православ музыкасынын бешинчи республикалык фестивалынын ачылышы болду. Фестиивалдын алкагында чоң майрамдык концерт уюштурулду, ага епархиянын клиростору, вокалдык ансамблдар, элдик жамааттар, солисттер жана хорлор катышты. Фестиваль 250дөн ашык катышуучуну топтоду. Чоң майрамдык концерт бир нече саат аралыгында көрүүчүлөрдү руханий православ ырлары, орус элдик жана казак ырлары, согуш жылдарындагы ырлар менен кубандырды.

Чиркөөдө ырдоо бөлүмүнүн жетекчиси Наталья Цуркандын айтуусунда, иш-чаранын деңгээли кыйла өстү. «Епархиянын 4 окуругунан келген 10 чоңдор жана балдар клиростору, республиканын 10 орус жана казак алдыңкы элдик жамааттары фестивалда православ тематикасын – өзүнүн чыгармаларын Кудайга, бардык орус ыйыктарына, ыйык Ираклийге арнаган солисттер жана ырлардын авторлорун татыктуу көрсөтүштү. Кыргызстан жеринин коргоочусу Кудайды даңктаган жана тынчтык жөнүндө, сүйүү жана жакшылык жөнүндө, сулуулук жана түгөнбөс руханий баалуулуктар жөнүндө ырдаган адамдарды чогултууга жардам берет. 5 жылда фестиваль жакшы салтка айланды жана биз ал эл аралык маданий баарлашуу жана биздин берекелүү жердеги бардык православ адамдарын биригүү статусуна ээ болот  деп үмүттөнөбүз”.

Фестивалдын уюштуруучусу болгон Чиркөөдө ырдоо бөлүмү епископ Даниилге, ошондой эле билим берүү бөлүмүнө жана жаштар бөлүмүнө жардам көрсөткөнү үчүн, ошондой эле фестивалга катышкандандардын баарына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.