Престолдук майрамда епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  15 апреля 2018   На русском
В престольный праздник епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 15-апрелинде, апостол Фоманын Пасха боюнча (Антипасха) экинчи жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епископу  Даниил анын престолдук майрамында Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой, иерей Андрей Андреев. Литургиянын аягында Кресттик жүрүш жасалды. Андан кийин Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын башчысы чиркөөгө келген адамдарга архипастырлык сөз менен кайрылды.

«Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар, баарыңыздарды престолдук майрам менен куттуктайм, билгениңиздердей биздин собор Христтин Тирилишинин урматына курулган. Пасханын өзүндө эч качан престолдук майрам өткөрүлбөйт жана устав боюнча ал Пасха-Антипасха жумасында, же Фома жумасында бүгүнкү жекшемби күнү майрамдалат. Биздин собор эски храмдардын бири болуп саналат. Көптөгөн адамдар бул храм аркылуу өзүнүн жүрөгү жана сыйынуулары, тагдырлары, кубанычтары жана кайгылары менен өтүшкөн. Бул дубалдар жана иконалар биздин сыйынууну жана биздин жашоонун өзүн сиңирип алат. Биздин собор Жараткан Иисус Христтин Тирилишинин урматына курулганы дагы Кудайдын ою менен ишке ашкан нерсе. Бул бизге оптимизмди тартуулайт. Биз менен дайыма жашоо жана үмүт болот».

Улуу урматтуу Даниил реставрациялоодон кийин соборду жаңы өзгөрүүлөр күтүп турганын айтты. Жакында эски асфальт алынып жана собордук аянтка брусчатка төшөлөт. Ошондой эле жайында дубалдарга сүрөт тартуу боюнча иштер башталат. Епископ Даниилдин айтуусунда, собор өзүнүн тышкы кооздугу менен жаркылапдап турмакчы.

Андан кийин улуу урматтуу чиркөөгө келген адамдар үчүн бир нече кулактандыруу жасады, алардан алдыда анын эки дин кызматкери менен Ыйык Жерге болгон сапары үчүн сыйынууну өтүндү. Динге ишенген адамдарга батасын берип, Улуу урматтуу Ал баарына Кудайга берилгендикти, руханий бейкуттукту жана түбөлүк амандыкты каалады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.