«Жеңиш жолдору. Тегеран-75!» мотожарышынын катышуучулары Бишкек жана Кыргызстан епархиясына Кудай Эненин Казан иконасын белекке беришти

  12 мая 2018   На русском
Участники мотопробега «Дороги Победы. Тегеран-75!» передали в дар Казанскую икону Богородицы Бишкекской и Кыргызстанской епархии

2018-жылдын 11-майында, «Жеңиш жолдору. Тегеран-75!» эл аралык мотожарышынын катышуучулары Бишкек жана Кыргызстан епархиясына Кудай Эненин Казан иконасын белекке беришти. Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында байкерлерден иконаны Бишкек епархиясынын катчысы протоиерей Алексей Сыромятников жана протоиерей Андрей Кунавин кабыл алышты.

Малымат үчүн: Мотожарыштын уюштуруучусу - «Түнкү карышкырлар» патриоттук күчтөрдү колдоо фонду (Москва). Акциянын максаты Улуу Ата Мекендик Согуштун тарыхый фактыларына, ошондой эле 1943-жылы Тегеранда конференцияда согуштан кийинки тынчтык куруу жөнүндө кабыл алынган чечимге КМШ мүчө мамлекеттеринин жарандарынын көңүлүн буруу болуп саналат.

Мотожарыш Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Россиянын жана Ирандын аймагында өтөт. Мотожарыштын катышуучулары жоокерлердин көрүстөнүнө гүлчамбарларын коюшат, Улуу Ата мекендик согуштун баатырларынын эстеликтерине жана мемориалдык комплекстерине барышат, ардагерлер, блокадачылар, жергиликтүү мотокыймылдын өкүлдөрү, жаштар жана ММК менен жолугушат.

Мотожарышка «Түнкү карышкырлар», казакстандык мотоклубдар катышууда.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.