Епархияда Социалдык кызмат жана кайрымдуулук бөлүмүнүн 10 жылдыгы белгиленди (+ВИДЕО)

  09 августа 2022   На русском
В епархии отметили 10-летие Отдела социального служения и благотворительности (+ВИДЕО)

2022-жылдын 9-августунда Бишкек епархиясында ыйык такыба Иоанн Кронштадтский атындагы Социалдык кызмат жана кайрымдуулук бөлүмүнүн биринчи мааракеси белгиленди.

Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда ыраазычылык билдирүү менен сыйынуудан кийин иш-чаранын конокторуна бөлүм боюнча экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө жетекчи Елена Иванова иштин негизги багыттары менен тааныштырды, Кайрымдуулук ашканасын, «Надежда» баш калкалоочу жайын, Медициналык кабинетти, «Благо» чеберканасын ж.б. көрсөттү.

Тааныштыруу экскурсиясынан кийин собордун Руханий-агартуу борборунун конференц-залында Пленардык жыйын өттү.

Иш-чараны епископ Савватий ачты. Меймандарга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, Улуу урматтуу мамлекетти, коомду, үй-бүлөнү жана инсанды чыңдоо боюнча социалдык иштин маанилүүлүгүн белгиледи. Ташкент Митрополити жана Өзбекстандык Викентий жана Чиркөө кайрымдуулугу жана соцкызмат боюнча Синодалдык бөлүмдүн төрагасы, Улуу урматтуу Пантелеимон, епископ Верейский видео кайрылуу жасашты.

Пленардык жыйынга катышты:

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча комиссиясынын директорунун орун басары Кажембердиев З.С., РФ КРдагы Элчилигинин кеңешчиси Харченко В.А., Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн адиси Адранов Оразали, КРдагы Роскызматташтык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Зульхариев А.Ф., Казакстан митрополиттик округунун соцбөлүмүнүн жетекчиси, протоиерей Вячеслав Пугачев, епархиянын соцбөлүмүнүн жетекчиси Иванова Е.Ю.

Пленардык жыйындын бардык катышуучулары салтанаттын күнөөкөрлөрүн маараке менен куттуктады жана бөлүмдүн ишин бийик баалашты (видео иштелип чыгууда).

Расмий бөлүк аяктагандан кийин, маданий программа убагында музыкалык жамааттардын номерлеринин ортосундагы тыныгууда епископ Савватий кайрымдуулук көрсөткөндөргө жана социалдык бөлүмдүн ишине активдүү катышкан ыктыярчыларга ыраазычылык грамота тапшырды.

Епархиянын маалыматтык бөлүмү епископ Савватийдин интервьюсун жана бөлүмдүн 10 жылдыгына арналган видеороликти көрүүнү сунуштайт.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.