Епископ Савватий Кыргыз-Россия Славян Университетинин ректору менен жолугушту

  19 октября 2022   На русском
Епископ Савватий встретился с ректором Кыргызско-Российского Славянского Университета

2022-жылдын 19-октябрында епископ Савватий Кыргыз-Россия Славян Университетинин ректору Нифадьев В.И. менен жолугушту

Тараптар жеке таанышуу максатында да, диний, илимий жана студенттик коомчулуктун ортосундагы тыгыз кызматташуунун багыттарын жана жолдорун аныктоо максатында жолугушту. Тарыхый агартуу, билим берүү процесстерин өркүндөтүү, православдык окуу жайларды усулдук коштоо маселелери талкууланды. Епархия тарабынан бир нече конкреттүү сунуштар, атап айтканда, алдыдагы Ыйык-Антоний жана Рождество жолугушууларында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү сунушу айтылды. Улуу урматтуу Владимир мектебинин КРСУнун алдында ачуу пландалып жаткан Орус географиялык коомунун ишине катышуу каалоосун билдирди.

Жолугушуу жылуу маанайда өттү. Биргелешкен пландарды жана ниеттерди талкуулоо менен бирге Владимир Иванович Омск жана Таврид митрополити Владимир (Иким) менен дагы эле байланышта экенин айтты, владыка Савватий өз кезегинде анын шакирти экенин эскертти.

Коштошуу менен КРСУнун ректору владыкага авторлор Л.И.Сумароков, О.Л. Сумарокованын бир нече басылмасын жана «Манас» эпосунун орус тилине поэтикалык формадагы котормосун белекке берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.