Кубанычты бөлүшүү керек. Владимир мектебинде «Күз майрамы» өттү

  19 октября 2022   На русском
Радостью надо делиться. Во Владимирской школе прошел «Праздник осени»

2022-жылдын 19-октябрында, Бишкек епархиясынын Руханий-агартуу борборунун конференц-залында Владимир мектебинин жетекчилиги астында уюштурулган «Күз майрамы» өттү.

Иш-чарага окутуучулар курамы, окуучулар жана алардын ата-энелери катышты. Майрамдын башкы коногу Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватий болду.

«Күз майрамы» - Покров Пресвятой Богородицы чиркөө майрамына арналган салттуу иш-чара. Уюштуруучулар театрлаштырылган иш-чаранын максаттарынын бири фольклор жана элдик салттар менен таанышуу болуп саналат. Бул иш-чара орус жана кыргыз маданиятына кызыгууну жаратат, Мекенди сүйүүгө, курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырат.

Сахнадан орус жана кыргыз тилдеринде макал-ылакаптар, табышмактар, заманбап жана элдик ырлар жаңырды, орус элдик ырлар аткарылды, слайддарды көрсөтүү менен күз тууралуу улуу классиктердин ырлары окулду. Жогорку класстын окуучулары гитаранын коштоосунда Фрунзе шаары жөнүндө ырдашты. Ыр эски Фрунзенин жана заманбап Бишкектин кооз жерлерин чагылдырган ролик менен коштолду.

Тетарлаштырылган иш-чарага окуучулар дагы, мугалимдер дагы катышты, ал эми даярдык ишине театралдык студиянын окутуучулары жана хореографтар тартылган.

Оюн-зоокту көрүп, владыка Савватий идеянын өзүн, анын конференц-залдын сахнасында аткарылышын бийик баалады, мындан ары бул сыяктуу кооз жана жакшы иш-чараларды чоң аянттарда өткөрүүнү сунуштады. «Бул майрам кубаныч алып келет, ал эми мектеп окуучулары гана эмес, шаардыктар дагы мындай иш-чараларга катышуусу үчүн кубанычты бөлүшүү керек».




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.