24-ноябрында Ыйык-Воскресенск соборунун руханий-агартуу борборунун конференц-залында Бишкектеги Орус үйүнүн колдоосунда «Миссия Добро» долбоорунун алкагында волонтерлук кыймылды өнүктүрүү боюнча тренинг өттү.
Тренингди Ханты-Мансийск автономдуу округунун «Добрый Дом» демилгелер борборунун жетекчиси Югра Тимур Амирханов өткөрдү. Эксперт ийгиликтүү практика жана «үй-бүлөлүк волонтерлук» сыяктуу стандарттуу эмес багыттар, үстөл оюндары аркылуу волонтерлук ишти изилдөө ж.б. жөнүндө айтып берди.
Тематикалык жолугушууга 30га чукул жаштар жана мектеп окуучулары катышты.
Балдар «Волонтер шаарда» деген кызыктуу оюнду ойноду. Иш-чара бардык катышуучуларга жакты, көпчүлүк жаштар ыктыярчы болууну каалашты жана республикадагы учурдагы волонтерлук уюмдарга кызыгып башташты.