Ыйык Ысык-Көлдүк Ираклийди эскерүү күнүнүн алдында епископ Даниил акафистти окуу менен майрам алдындагы сыйынууну аткарды

  10 июня 2018   На русском
В канун памяти преподобного Ираклия Иссык-Кульского епископ Даниил совершил Всенощное бдение с чтением акафиста

2018-жылдын 9-июнунда, Элүүлүк боюнча экинчи аптанын ишемби күнү, ыйык Ысык-Көлдүк Ираклийди эскерүү күнүнүн алдында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда ыйык Ысык-Көлдүк Ираклийге арнап акафистти окуу менен майрам алдындагы сыйынууну аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлери кызмат кылышты.

Сыйынууда ыйыкка арналык акафист окулду. Андан кийин башчы Даниил чиркөөгө келген адамдарга касиет киргизилген елей (зайтун майын) сүрттү.

Кудайга сыйынуунун аягында Улуу урматтуу Ал дин кызматкерлерине жана чиркөөгө келген адамдарга архипастырдык сөзү менен кайрылды, анда бардыгын майрамы менен куттуктап жана салтанаттуу сыйынууну аткаруу үчүн Кыргызстандын борборуна келгени үчүн дин кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.