Вятское митрополиясында Жалпы россиялык Великорецкое кресттик жүрүшү өтүп жатат

  06 июня 2018   На русском
В Вятской митрополии проходит Всероссийский Великорецкий крестный ход

2018-жылдын 3-июнунда Вятское митрополиясында жалпы россиялык Великорецкое кресттик жүрүшү – Великая дарыясынын жээгинде Вятское жеринде, 630 жыл мурун дыйкан Агалаков кереметтүү образга ээ болгон, ыйык Николай Чудотворецтин Великорецкое образы менен салтанаттуу жүрүш башталды. Бул Россиядагы көп адам катышкан жана байыркы кресттик жүрүштөрдүн бири, деп билдирет Патриархия.ru.

Жүрүш Киров шаарындагы Трифонов эркектер монастрынын Успенский соборунда Кудайга сыйынуу литургиясы менен башталды, аны Вятское жана Слободское митрополити Марк жетектеди.

Улуу урматтуу Аны менен Яранский жана Лузский епискобу Паисий, Уржумский жана Омутнинский епискобу Леонид, Вятское митрополитинин жана коңшу епархиялардын дин кызматкерлери кызмат өтөштү.

Кудайга сыйынуу ырын регент Людмила Телегинанын жетекчилиги астындагы жыйынды хор аткарды.

Кудайга сыйынууда Россиянын ар кайсы региондорунан келген көптөгөн зыяратчылар, ошондой эле чет өлкөлүк коноктор сыйынышты. Иш-чара алдында насаатты Вятское епархиясынын миссиондик бөлүмүнүн жетекчиси иерей Петр Машковцев айтты.

Литургиянын аягында Трифонов монастрынын Собордук аянтында ыйык Николайдын Великорецкое образынын алдында акафист менен молебен (кыска сыйынуу) жасалды.

Митрополит Марк келген адамдарды жекшемби күнү жана Великорецкое кресттик жүрүшүнүн башталышы менен куттуктады.

«Кресттик жүрүш — бул жөн гана ыйык жерлерге саякаттоо эмес, бул руханий жеңиштин түрү, мында биздин жан дүйнөбүздүн ар кандай сапаттары көрүнөт, - деди архиерей. — Биз дене бой жана руханий сыноолордон өтөбүз, тигил же бул ой менен күрөшөбүз, өзүбүз, жакындарыбыз, христиандар, ыйык Русь үчүн сыйынабыз».

«Биз баарыбыз ар түрдүүбүз, бирок кресттик жүрүштө баарыбыз Христтин жолуна түшкөн биримдик болобуз», — деп сөзүн аяктады башчы Марк.

Зыяратчыларга жолдомо жана куттуктоо сөзү менен Киров обулусунун Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Курдюмов кайрылды.

Великорецкое кресттик жүрүшүнүн башкы салтанаты 6-июнда саат 10.00дө Великая дарыясынын жээгинде – ыйык Николай Чудотворецтин Великорецкое иконасы көрүнгөн орунда өтөт, анда митрополит Марк Кудайга сыйынуу литургиясын жана ыйык суу молебенин аткарат.

* * *

Великорецкое кресттик жүрүшү — Россиядагы эң узак кресттик жүрүштөрдүн бири. Ыйык Николай Чудотворецтин иконага ээ болуусу 1383-жылы орун алган. Крутица айылынан чыккан дыйкан Агалаков Великая дарыясынын жээгинде образды тапкан, ушул жерден анын аталышы — Великорецкое деп айтылып калган.  Болжол менен 1400-жылы образ кийин Вяткое, андан кийин – Киров деп аталган Хлынов шаарына жөнөтүлгөн.

1935-жылы кафедралдык соборду кыйратууда икона жоголуп кеткен. Великорецкое кресттик жүрүшү 1930-жылдары тыюу салынган жана 1989-жылы расмий түрдө калыбына келтирилген. Азыр динге ишенген адамдар жоголгон иконанын ордуна анын тизмелеринин бирин көтөрүшөт.

2000-жылы Москва жана бүтүндөй Русь Патриархы Алексий II жүрүшкө жалпы россиялык статусун ыйгарган.

Кресттик жүрүш жыл сайын 3-июндан 8-июнга чейин өтөт. Негизги салнататтар 5 жана 6-июнда Великая дарыясында жана Трифонов эркектер монастрынын Великорецкое конок үйү храмында (Великорецкое айылы) өтөт.

Кресттик жүрүш 3-июнда Киров шаарынын Успенский соборунда башталат, Макарье, Бобино, Загарье, Монастырское, Горохово айылдары аркылуу өтөт. Акыркы пункт ― Великорецкое айылы, бул жерде храмдарда жана Великая дарыясынын жээгинде кыска сыйынуулар аткарылат. Зыяратчылар кайра артка Медяна жана Мурыгино айылдары аркылуу кайтышат жана 8-июнда Кировго келишет. Россиянын ар кайсы шаарларынан жана айылдарынан келген миңдеген зыяратчылар 180 чакырым жолду басып өтүшөт. Великорецкое айылына сыйынуу үчүн 50 миңден ашык адам чогулат.

Великорецкое айылында XVIII-XIX кылымдарда түзүлгөн «Великорецкий град» архитектуралык-храмдык комплекси калыбына келтирилүүдө, анын курамына Преображенск чиркөөсү (1739 -ж.), Никольск чиркөөсү (1822-39-жж.), Ильин коңгурооканасы (1860-ж.), ошондой эле соода катарлары, мейманкана короосу жана причт жана мектеп үчүн таш менен салынган эки кабаттуу төрт үй (XIX к.) кирет.

2015-жылы биринчи жолу Кировдон тартып  Великорецкое айылына чейинки кресттик жүрүштү зыяратчылар менен бирге Вятское жана Слободское митрополити Марк басып өткөн.

2017-жылы Великорецкое кресттик жүрүшүн Москва жана бүтүндөй Русь Патриархы Кирилл жетектеген.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.