Ош благочиние дин кызматкерлери «Рамазан чатыры» акциясына катышышты

  06 июня 2018   На русском
 Священники Ошского благочиния приняли участие в акции «Шатер Рамазана»

4-июндун кечинде Ош шаарында бөтөнчө Рамазан чатырынын салтанаттуу ачылышы болду. Мындай акция Ошто биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана 14-июнга чейин созулат. Буга чейин мындай чатырлар Бишкекте бир нече жолу ачылган. Мындай иш-чаралардын максаты – калктын аз камсыз болгон катмарына жардам көрсөтүү. 2016-жылы борбор калаада 10 күн ичинде 4000ден ашык адамды тамактандырууга мүмкүн болгон. Бул кайрымдуулук иш-чарасынын демөөрчүлөрү шаардык администрациянын бийлигинен тартып ар кандай уюмдарга чейин ар кандай адамдар болуп саналат. Чет мамлекеттердин элчиликтери дагы бул иш-чарага жигердүү катышып жатышат.

Рамазан чатырынын ачылышына карата шаардын 1-вице мэри Турдуев Саибджан Эркинбаевич, дин иштери боюнча атка минерлер, ошондой эле Православ Чиркөөсүнүн өкүлдөрү «Светоч»  мектебинин директору, протоиерей Виктор Реймген жана Игорь Жуматий чакырылган. Алардын иш-чарага катышуусу алгач таң калыштуу көрүндү, бирок уюштуруучулар дал ушундай максатты – чогуу ынтымактуу кечки тамактануу үчүн бир чатырда ар кандай диний көз карашка ээ адамдарды чогултууну көздөшкөн. Эл арасындагы өз ара түшүнүшү жана ынтымак – биздин республиканын негизги пайдубалы.

Акцияны өткөрүү убагында Ош округундагы чиркөөлөрдүн башчысы протоиерей Виктор Реймген амандашуу сөзүн айтып, анда уюштуруучуларга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. “Биздин жүрөгүбүз дайыма таза бойдон калып жана сүйүүгө толуп турганы абдан маанилүү. Күнөө тактарынан тазаланышыбыз керек. Анткени Кудайды таанууга умтулган ар бир адам Ал тууралуу жакындары аркылуу билет. Биз негизги ишти ишке ашыруу үчүн дайыма татыктуу болушубуз керек. Балким кимдир бирөө үчүн биз жан дүйнөсү адашкан адамга такыба иштери менен Кудайга барчу жолду көрсөтө турган эң жакын адамы болуп саналабыз”.

Бул иш-чара бир нече күнгө созулат жана көптөгөн аз камсыз болгон адамдар адамдын тагдырына кайдыгер карабагана башка адамдардын сүйүүсүн жана кайрымдуулугун сезе алышат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости