Ошто «Ислам терроризмге каршы» эксперттик кеңешмеси өттү

  29 мая 2018   На русском
В Оше состоялось экспертное совещание «Ислам против терроризма»

2018-жылдын 24-майында Ош округу боюнча благочинный башчысы протоиерей Виктор Реймген  Ош шаарындагы Россиянын илим жана маданият борборунда өткөн кезектеги «Ислам терроризмге каршы» эксперттик кеңешмесине катышты. Кеңешмеге мэриянын өкүлү Курманбек Таджибаев, Оштогу Россия Федерациясынын Консулу Николай Кондуров, Ош облустук Казыятынын өкүлдөрү, КР Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адиси Акмат Оморов, Кыргызстандагы Россия ФСБ ыкчам тобунун өкүлдөрү жана КР Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош башкармалыгынын Кадрларды даярдоо борборунун өкүлдөрү, Ош шаары жана Ош облусу боюнча ИИБ кызматкери Нурбек Шерипбаев катышты.

Эксперттик кеңеш Россиялык мусулмандардын бүгүнкү жашоосуна арналган жана социалдык тынчтык жана кызматташтык, улуттар аралык жана конфессиялар аралык достуктун негизинде коомдун консолидациясы жана биримдиги идеяларын көтөргөн “Терроризм жок Россия. Мусулмандардын ыйык жайлары” документалдык фильмин көрсөтүү менен башталды.

Андан ары кеңешменин катышуучулары ачык дискуссия процессинде террорчулук жана дин, террорчулукка каршы күрөшүү маселелерин, Кыргызстанда террорчулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин багыттарын жана методдорун талкуулашты.

Иш-чаранын соңунда эксперттер мындай жолугушууларды дайыма өткөрүп туруу жана жаштарга туура нравалык сапаттарды үйрөтүү жана руханий тарбия берүү максатында жаш муундарды – студенттерди жана мектеп окуучуларын аталган иш-чараларга чакыруу зарылчылыгы жөнүндө пикирлерин билдиришти.

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.