Престолдук майрамда епископ Даниил Ыйык Рухтун Түшүүсү храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  30 мая 2018   На русском
В престольный праздник епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме Сошествия Святого Духа

2018-жылдын 28-майында, Элүүлүктүн 1-жумасында, Ыйык Рух күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Сокулук шаарындагы Ыйык Рухтун Түшүүсү храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, Беловодский округунун благочинийи протоиерей Алексей Махров, протоиерей Андрей Борисенко, протоиерей Артемий Долотов, протоиерей Александр Мезенцев, иерей Александр Пелин, иерей Андрей Бутаков, иерей Виктор Гончарук, иерей Георгий Дворовой.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин храмды айланып кресттик жүрүш жасалды.

Андан кийин епископ Даниил чиркөө мүчөлөрүнө архипастырлык сөзү менен кайрылды:

«Бул Ыйык Троицанын Үчүнчү Адамы – Ыйык Рухту эскерүү күнү биз Ыйык Рухтун Түшүүсү храмында чогулдук. Ыйык Рух – бул улуу Жубатуучу. Бул биздин жашоо, бул адамдын жашоосун толук коштогон нерсе. Кудай – Ыйык Рух жараткан нерсенин баарына жан киргизилген. Кудай өзүнүн ар бир жаратканына өзгөчө береке берген, биз аны мейли ал дарак, өсүмдүк, мөмө, жер болсун, өмүр бою пайдаланабыз. Биз баарын пайдаланабыз жана баары биздин жашоо жана биздин жыргалчылык үчүн.

Тилекке каршы, адам Кудайдан алыстап калды, биз күнөө жасоо менен кейипти дагы, окшоштукту дагы жоготтук, бирок Кудай бизге Ыйык Рухту насаат кылуу аркылуу жоготкон нерсени калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Дин илими бизди ар бир жаратылган нерседе Керемет табият түптөлгөнүнө үйрөтөт. Анын үчтүгү, Анын жыргалчылыгы, эң башкысы – жашоо. Биз бизге тартууланган жашоо үчүн ыраазычылык билдирүү тууралуу эстен чыгарбашыбыз керек.

Бүгүн храмда сыйынуу менен, биз Катышуу Сырында жана сыйынууда өзүбүздүн Куткаруучу менен биригип, Ыйык тартуулардын алдында Ыйык Рухтун берекесин чакырабыз. Бүгүн Евангелияда айтылгандай, бир ооздон Кудайды даңктоо үчүн эки же үч адам чогулган жерде, Ал алардын арасында болот.

Биз Кудай бүгүн биздин арабызда, ар бир храмда жана ар бир православ жүрөгүндө болгонуна ишенебиз. Бул береке бизди бириктирет. Бирок биз өтүнүп гана койбостон, жакшылык жана жашоо үчүн, жана дайыма биз менен болгон жана түгөнбөгөн Ыйык Рухтун берекеси үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз бул берекени кабыл албаганыбызга, же күнөөгө батканыбызга карабастан, ал бизде жашаган береке жана ар бир жолу биздин жан дүйнөбүздү, биздин жүрөгүбүздү жана биздин оюбузду жандандырат, түбөлүк куткаруу үчүн жөндөмдүү кылат. Күнөө өлөт, ал эми Ыйык Рухтун берекеси – тирилет.

Биз өз жакындарыбызга карата жамандык жасап, ал эми кийин кылганыбызга өкүнгөндө – бул Ыйык Рух бизге жасаган күнөө тууралуу эскертип, биздин айыбыбызды ачып жана тобо кылууга чакыруу менен, биздин жүрөктө жашай турганын түшүндүрөт. Ыйык Рух бизде бири бирибизге жана жаратылган нерсеге жана Жаратканга болгон сүйүүнү жаратат. Ыйык Рух бизди күнөөлүү түпсүздүктөн көтөрүп чыгат. Бүтүндөй аалам Ыйык Рух менен жашайт.

Ыйык апостолдор бизге эгер Ыйык Рухтун берекеси бизден алыстаса, анда дүйнө кыйрай турганын эскертишет. Иоанн Богослов Ачылышта жерде сүйүү толук соолуган акыркы мезгилде, өзүндө чыныгы ишенимди сактап кала алган саналуу адамдарда Ыйык Рух болоорун айтат.

Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар, баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге чын жүрөктөн сыйынууңуздар жана жылуу кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Бул ыйык храмда дайыма адамдар толуп турсун. Биз баарыбыз, православ орустары, храм жок биз жок болуп кетээрибизди, храм жок биз кургак бутакка айланаарыбызды, аны кийин кыйып жана өрттөп салышаарын түшүнүшүбүз керек. Биз жакшы мөмө байлаган кайрымдуу, жаркын жана гүлдөгөн бутактар болуп жана жашоону сыйынуулар жана жакшы жашоо менен кооздошубуз керек».

Сөзүнүн аягында чиркөө мүчөлөрү менен коштошуп жатып, Улуу урматтуу Ал архипастырлык батасын берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.