Ыйык Троица майрамында епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын жана улуу майрам алдындагы кечки сыйынууну аткарды

  28 мая 2018   На русском
В праздник Святой Троицы епископ Даниил совершил Божественную литургию и великую вечерню праздника в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 27-майында, Ыйык Троица майрамында (Элүүлүк), Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой.

Литургия аяктагандан кийин башчы Даниил чиркөө мүчөлөрүнө диний үгүт сөзү менен кайрылды, анда Ыйык Троица (Элүүлүк) майрамынын руханий мааниси жөнүндө, ал жер үстүндө Христос Чиркөөсүнүн жаралышы болуп саналаарын айтып берди. Ал эми Ыйык Рухтун Жараткандын айтканы боюнча Иерусалим тоосунда турган апостолдорго түшүүсү, Куткаруучунун Ал өзүнүн элине Ыйык Рухту жөнөтө турганы, Ал биз менен кылым аяктаганга чейин боло турганы тууралуу сөздөрүнүн аткарылышы болуп саналган.

Диний үгүттү аяктагандан кийин Улуу урматтуу Ал тизе бүгүп сыйынууларды окуу менен Элүүлүк майрамынын улуу кечки сыйынуусун аткарды жана кайрадан соборго келген адамдарга кайрылды.

«Бул өзгөчө күн. Биз Кечирилген жекшембиде баштаган, кечки сыйынуу кудайга сыйынуу литургиясы менен бириккен жана атайын сыйынуулар окулган мезгил аяктады. Бүтүндөй пасха мезгилинде биз Христостун Тирилиши үчүн тизе бүгүп сыйынууларды аткарган жокпуз. Бүгүн биз жаңы мезгилге кирдик жана кийинки Пасхага чейин биз сыйынууда өзүбүздүн тизебизди бүгөбүз. Бүгүн улуу кечки сыйынууда биз үч чоң сыйынууну окудук, анда Жараткан биздин чиркөөлүк – Асман Чиркөөсүнүн жана жердеги Чиркөөнүн бүтүндөй толуктугун камсыздашы үчүн, Ыйык Рухтан жардам тууралуу, кайрымдуулук тууралуу өтүндүк.

Сиздерге ыйык сыйынууңар үчүн ыраазычылык билдирем, сиздерге ден соолук жана кайраттуулукту, Ыйык Рухтан кубаныч алууну каалайм».

Башчы Даниил динге ишенген адамдарды собордун дубалдарына сүрөт тартуу боюнча алдыдагы иштер жөнүндө, биздин өлкө жөнүндө, тынчтык жана бейкуттук жөнүндө Кудайга сыйынууга чакырды.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.