Троицк ата-энелер ишембисинде епископ Даниил Бишкектеги Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын жана зыйнатты аткарды

  26 мая 2018   На русском
В Троицкую родительскую субботу епископ Даниил совершил Божественную литургию и панихиду во Владимирском соборе Бишкека

2018-жылдын 26-майында, Пасха боюнча 7-жумада, Троицк ата-энелер ишембисинде, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостоль улуу князь Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, Бишкек епарзиясынын катчысы протоиерей Алексей Сыромятников, иерей Георгий Дворовой.

Литургия аяктагандан кийин көз жумган православ христиандарды эскерүү зыйнаты өткөрүлдү.

Андан кийин Улуу урматтуу Ал соборго келген адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылды:

«Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар, бүгүн Троицк ата-энелер ишембиси. Бул күнү биз сыйынуу менен Кудайдын кайрымдуулугун өтүнөбүз, биздин бардык туугандарыбыздын, жакындарыбыздын, тааныштарыбыздын топурагы торко болушун өтүнөбүз, Кудайдан алардын күнөөлөрүн кечирүүнү жана аларга түбөлүк жашоо тартуулоону өтүнөбүз.

Эгер кимдир бирөөнүн көрүстөнгө баруу мүмкүнчүлүгү болсо, ал жакты тазалаңыздар, жакындарыңыздарды сыйынып эскериңиздер. Биздин православ көрүстөндөрүбүз дайыма жакшы, иреттүү түрдө болушу үчүн, коңшу, балким каралбай калган мүрзөлөргө дагы көңүл буруңуздар».




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.