2018-жылдын 25-майында, Пасха боюнча 7-жумада, Ата-энелер ишембисинин алында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда Парастас (өлгөн адамдарды эскерип эртең мененки кудайга сыйынуу) аткарды.
Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой.
Маалымат үчүн: Парастас же Улуу зыйнат – (грек. «өтүнүч») – өлгөн адамдарды эскерүү – ата-энелер ишембисинин салтанаттуу кудайга сыйынуусунда аткарылуучу бардык көз жумган православ христиандарынын улуу зыйнатын аткаруу (жума күнү кечинде өткөрүлөт).