Князь Владимир мектебинде Акыркы коңгуроо майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

  25 мая 2018   На русском
В школе князя Владимира состоялась торжественная линейка, посвященная празднику Последнего звонка

2018-жылдын 25-майында Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунун конференц-залында Акыркы коңгуроо майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Майрамга ардактуу коноктор: мектепти негиздөөчү – Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил, КРдагы РФ Элчилигинин биринчи катчысы Мария Власова, КОБЛ төрагасы  КОБЛ Кутанова А. А., КОБЛ төрагасынын орун басары Кутанов М.А., Бишкек епархиясынын билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн жетекчиси жана мектептин башкы дин кызматкери протоиерей Андрей Кунавин чакырылган.

Салт болгондой салтанаттын башталышында үч гимн – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни, Россия Федерациясынын мамлекеттик гимни жана Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын гимни жаңырды. Андан кийин салтанаттын бардык катышуучулары менен амандашуу жана куттуктоо үчүн сөз  Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилге берилди.

 «Кымбаттуу балдар, урматтуу мугалимдер, ата-энелер, сиздерди окуу жылынын аякташы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Акыркы коңгуроо – бул окуучулар үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы кубанычтуу жана көптөн күткөн окуя. Мугалимдер балдарга билим берүү үчүн талбай эмгектеништи. Силер билимиңерди толуктап жана ата-энелериңерди кубантуу үчүн эмгектендиңер. Силерди тарбиялоо үчүн көп эмгек жумшалды. Азыр мунун баары артта калды жана кубанычка толуп турасыңар – анткени алдыда жаңкы каникул күтүп турат».

Куттуктоо сөзү менен Мария Власова жана Марат Кутанов дагы сүйлөдү.

Акыркы коңгуроо майрамы мектептин директору Аристова Светлана Ивановнанын сценарийи боюнча мюзикл жанрында өттү. Сахнага биринчиден тартып онунчу класска чейинки бардык окуучулар чыгышты. Бардык аракеттер информатика окутуучусу С.В. Рехемейдин жана окуучулардын өздөрүнүн аракети менен түзүлгөн “Мектеп альбому. Балалык аймагы” фильми менен коштолду. Сахнада мектептин театралдык студиясынын жетекчиси Шмырина Анна Геннадьевна койгон оюндар коюлду, ырлар жаңырды жана обон созулду. Мектеп администрациясы мектеп линейкасын өткөрүүнүн салттуу ыкмасынан баш тарткан, ошондуктан акыркы коңгуроо майрамы абдан кооз, кызыктуу, көңүлдүү, үй-бүлөлүк маанайда өттү. Бардык аракеттер бир дем менен – динамикалуу, уюшкандыкта, кооз өттү. Майрам баарына – негиздөөчүлөргө, ата-энелерге, эң башкысы салтанаттын күнөөкөрлөрүнө жакты.

Акыркы коңгуроо күнүнө карата КРдагы Россия кызматташтыгы Өкүлчүлүгү мектепке орус тили жана адабияты боюнча 500 окуу китебин, экзамендерге даярдануу материалдарын жана орус тили мугалимдери үчүн дидактикалык материалды белекке берди.

Мюзикл аяктагандан кийин мектептин мыкты окуучуларына башчы Даниил жеке өзү “эң жакшы окугандар”, “жакшы окугандар”, “активисттер” грамоталарын, ошондой эле ата-энелерге өз балдарынын тарбиясы үчүн ыраазычылык каттарын тапшырды.

2018-жылдын аягына карата мектепте 127 окуучу бар. Мектептин он биринчи классынын окуучуларынын биринчи чыгарылышы кийинки жылда гана болот, ошентсе дагы бүгүнкү күндө мектептен кете турган, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында бир нече бала бар. Алар мектепти бир аз капалануу менен бүтүрүп жатканын айтышты, анткени балалык күндөр аяктап жана алдыда чоң жашоо күтүп турат, анын башаты сүйүктүү мектепте, достор жана окутуучулар арасында түптөлдү.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.