Епископ Даниил Кант шаарындагы Покрова Пресвятой Богородицы храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  24 мая 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме Покрова Пресвятой Богородицы в Канте

2018-жылдын 24-майында, Пасханын 7-жетилигинде, славян элдеринин окутуучусу тең апостол Кирилл менен Мефодийди эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Кант шаарындагы Покрова Пресвятой Богородицы храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу урматтуу менен бирге төмөнкүлөр кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, Покрова Пресвятой Богородицы храмынын башчысы иерей Олег Бибик, иерей Георгий Дворовой.

Литургиянын соңунда владыка Даниил келүүчүлөрдү тең апостол Кириллди жана Мефодийди эскерүү күнү менен куттуктады жана архипастырлык сөзү менен кайрылды.

“Славян элдеринин агартуучулары деп аталып жүргөн тең апостол Кирилл менен Мефодий өтө чачырап-бөлүнүп кеткен славян урууларын бириктирүү жана аларды Христтин ишенимине буруу үчүн өтө көп эмгектенишкен. Мен бир абдан маанилүү нерсени айткым келип турат – адам Христ менен бирге жана Христ үчүн эмгектенген учурда анын тегерегине адамдар биригишет. Пайда болгон карама-каршылыктар дагы токтоп калат. Кудай мындай адамдар аркылуу башка адамдарга ырайым берген себептен жашоо тынч, текши жана бакубат боло баштайт. 

Бир кезде Кирилл менен Мефодий славян элдерин бириктирген. Бүгүнкү күнү дагы Украинада бир туугандар бири-бирин өлтүрүп жатканда, башка славян өлкөлөрүндө кагышуулар болуп жатканда биз Кудай баарын тынчтыкка бурат деп ишенебиз, анткени биздин динибиз, маданиятыбыз жана башатыбыз дагы бир, алар Христ менен бизге келген”, - деди епископ.

Келгендерге кайрылгандан кийин вдадыка храмга тең апостол Кирилл менен Мефодий тартылган Воскресения Христова образын белекке берди.

Бул иконаны Кант шаарындагы аба базасынын Александр Невский храмынын насаатчысы иерей Евгений Циклаури Покрова Пресвятой Богородицы храмына арнап атайын Россиядан алып келген. “Бул ыйык икона биздин келечегибиз үчүн сиздерди жана сиздердин үй-бүлөңүздөрдү чыңдайт деп ишенем”,  - деди владыка.

Андан кийин епископ Даниил үзүрлүү эмгеги үчүн хордун регенти Журавлева Римма Андреевнага ыраазылык билдирип, III даражадагы преподобный Ираклий Иссык-Кульский медалын тапшырды.

Динге ишенген адамдарга архипастырлык батасын берген епископ Даниил алардын баарына жан дүйнөнүн тынчтыгын, куткарууну, бекемдикти, Кудайды сүйүүнү жана ишенимдин чыңдалышын каалады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.