Епископ Даниил Москва жана жалпы Орус Патриархы Кириллди Тезоименитство күнү менен куттуктады

  24 мая 2018   На русском
Епископ Даниил поздравил Патриарха Московского и всея Руси Кирилла с днем Тезоименитства

Ыйыктардын ыйыгы,

Улуу урматтуу Москва жана Орус патриархы КИРИЛЛГЕ


Улуу урматтуу,

Ыйык Владыка жана биздин кайрымдуу Атабыз!

Өзүмдүн атымдан жана жалпы Кыргызстандын православ паствасынын, монахтарынын жана  дин кызматкерлеринин атынан, Ыйык Тең Апостол Кирилл менен Мефодийди эскерүү күнү, чын дилимден кубануу менен Сиздин Тезоименитство күнүңүз менен куттуктайм!

Патриархтын тезоименитство күнү – жалпы Чиркөө үчүн майрам, анткени Сиз Чиркөө үчүн жашайсыз жана Ага жүрөгүңүздү арнайсыз, “чарчагандар үчүн чарчайсыз жана азгырылгандар үчүн күйүп-жанасыз” (2 Кор. 11:29).

Өзүңүздүн асмандагы коргоочуңуздун жолун улай Сиз дагы ыйык Тең Апостол бир туугандар түптөп кеткен чыйыр менен талыкпай эмгектенип келесиз. Өзүңүздүн милдеттериңизге толук берилүү менен Сиз Чиркөөнү өнүктүрүү жана көп сандуу православ паствасын агартуу үчүн чоң түйшүк тартып келесиз. 

Ыйык Тең Апостол Кирилл менен Мефодийдин – жалпы славян элдеринин мугалимдеринин, агартуучуларынын жана Христос жолундагы насаатчыларынын түмөн түйшүктүү жана ыйык кызматынын уландысы болгон Сиздин жан үрөгөн Первосвятителдик эмгектериңиз алыскы Кыргызстанда жашаган бизге дагы дем-күч берип турат.  

Сиздин жаркын пропеведиңиз Россияда жана чет мамлекеттерде терең резонанска ээ болот. Сиздин китептериңиз башка тилдерге которулуп турат, ал эми Сиздин Первосвятителдик расмий сапарларыңыз башка өлкөлөрдө жашаган христиандарга үмүт берип турат.

Ыйык Владыка, чын дилден чыккан куттуктоолорумду жана эң жакшы тилектеримди кабыл алып коюңуз. Сиздин асмандагы колдоочуңуздун сыйынуулары менен Кудай Сиздин жердеги Патриархтык каарман эмгегиңизди аткрууга күч-кубат берсин, Сиздин руханий дагы, денеңиздеги дагы күч-кубатыңыз көбөйүп – Сиздин агартуучу омофор алдында бириккен элдердин сүйүүсү жана ынтымагы арта берсин!

Ыйык Владыка, Сизге узак жана бакубат өмүр каалайм!

Сиздин Первосвятителдик сыйынууңузду жана батаңызды берүүнү суранам.

Сизди урматтаган момун послушник,


Бишкек жана Кыргызстан епискобу




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.