Никольское айылындагы Престольный майрамы

  22 мая 2018   На русском
Престольный праздник в Никольском

2018-жылдын 22-майында, ыйык Николайдын сөөгү Мир Ликийскийден Бари шаарына көчүрүлгөнүн эске салуу күнүндө, Ош округу боюнча благочиндүү протоиерей Виктор Реймген Жалал-Абад шаарындагы Успения Божией Матери храмынын башчысы иерей Сергий Арбузов менен бирге Абдураимов айылындагы (мурдагы Никольское же Совет айылы) учурда иштебей турган ыйык Николай храмында Кудайга сыйынуу литургиясын жана кресттүү жүрүш өткөрүштү. Азыр айылда орус тилдүү 35 киши жашайт, мурда бул жерде орус кыштагы бар болчу. Тургундар көрүстөндүн аймагында жайгашкан храмга көз салып турушат, ал эми храмды жергиликтүү мусулман үй-бүлөсү кайтарып, жашоочулар менен бирге күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүп, аймагын тазалап турушат. Кудайга сыйынуунун жүрүшүндө үч тургун Животворящих Таинств кабыл алышты. Проповедден жана куттуктоолордон кийин келгендердин баары майрамдык пирог коюлган дасторкон үстүндө жылуу маек курушту.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.