2018-жылдын 19-майында, Кудайга сыйынуу литургиясын аяктагандан кийин Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил храм мүчөлөрү жана мекендештер менен жолугушту. Баарлашуу чиркөөнүн короосунда өттү.
Жолугушууну өткөрүүнүн негизги себептери «Славян диаспорасынын» жетекчисинин каза болгонуна байланыштуу мекендештер коомдоштугунун ичинде пайда болгон пикир келишпестик жана жаңы лидерди шайлоо зарылчылыгы, ошондой эле айрым чиркөө мүчөлөрүнүн жакында эле кызматка дайындалган настоятель иерей Сергий Арбузовго карата даттануу каттары болду.
Баарлашуу процессинде Улуу Урматтуу Ал жаңы настоятелди дайындоонун себебин түшүндүрүп берди жана буга байланыштуу айрым чиркөө мүчөлөрүнүн дооматтарын укту. Дооматтар тиричилик мүнөзүндө гана экени жана чиркөө мүчөлөрүнүн көпчүлүгү настоятелди бүтүндөй жүрөгү менен кабыл алышканы аныкталды. Алар Сергий атаны храмдын настоятели катары дайындаганы үчүн ыраазычылык билдиришти, анын келиши менен чиркөөдө жаштар пайда болгонун, ал эми жекшемби мектебинде 30дан ашык адам окуп жатканын белгилешти. Чиркөө коомундагы жашоо жанданып, адамдар ынтымакка келишкенин айтышты. Көпчүлүктүн сөзү боюнча Сергей ата “кайрымдуу, боорукер пластырь. Биздин настоятель үчүн сизге ийилип ыраазычылык билдиребиз” дешти.
Архипастырлык кеңешти талап кылган пикир келишпестиктин экинчи себеби славян диаспорпасынын жетекчиси кызматына жаңы лидерди шайлоого байланыштуу болгон. Мекендештерди көңүл коюп угуп, башчы Даниил бул маселеде адамдардын эркин тандоосуна кийлигише албай турганын билдирди: “Болбосо, бул силердин тандоо болбой калат, бул мейли архипастырлык болсун, сиздерге сырттан таңууланган пикир болуп калат. Бирок, епархиянын Башчысы катары, мен адам коомдоштугунун жашоосунун негизги мааниси, башкы маңызы – бул биримдик, ынтымак, бири бирине жардам кылуу экенин сиздерге айта кетүүм керек. Орус дүйнөсүн бириктирген мекендештердин коомдоштугу сыяктуу уюмдар дал ушул максатта иштеши керек. Орус дүйнөсүн сактоо, өркүндөтүү жана бекемдөө маанилүү. Бөлүнүү, өз пайдасын, кандайдыр бир көмүскө максаттарды издөө сиздерди кооптондурушу керек. Бул сиздердин тандооңуздар, бирок бул тандоо үчүн жоопкерчилик дагы сиздерге жүктөлгөн. Биз ансыз дагы азбыз жана өз ара макулдаша албай келебиз. Мен бүгүн насаат сөзүмдө айткандай – жашоонун маңызы орус коомдоштугунда, адамдардын каалаган биригүүсүндө эмес – бул сүйүү, бул башкалардын кемчилигине чыдамдуулук, бул өз ара жардам көрсөтүү. Бул максаттарга кызмат кылбагандын баары адамдарды бөлүү принциби болуп саналат”. Башчы Даниил ал жеке өзү тааныш болгон ар кандай улуттук диаспоралардын коомдоштугун мисал келтирди. “Алар өз адамдарын бириктирүү, салттарды сактап калуу, алардын элинин тарыхында болгон жакшы жактарын өркүндөтүп жана кийинки муунга калтыруу үчүн баарын жасашат. Алар тиричилик маселелеринен тартып саясый мүнөздөгү маселелерге чейин, көп маселелерди чечүүдө бири бирине жардам беришет. Бизде кээде башкача картина орун алат. Биз макулдаша албайбыз, бир нерсени бөлүшө албайбыз. Биз эмнени бөлүшөбүз? Бизди бириктире турган нерселерди караңыздарчы – бул биздин улуу майрамдар, биздин улуу тарых жана заманбап кудайды жээриген дүйнө бизге таштаган чакырык – биз аман гана калбастан, биз өзүбүздүн өзгөчөлүктөрдү, биздин православ динибизди, биздин тарыхыбызды сактап калышыбыз керек. Россия мекендештеринин коомдоштугунун лидери дал ушундай болушу керек. Ал ушул максаттарды айтып гана койбостон, аларды ишке ашыруусу керек”.
Аңгемелешүүнүн соңунда башчы Даниил нааразы болгондорду өз ара элдешүүгө жана тиричилик мүнөзүндөгү маселелерди жалпы талкууга алып чыкпоого, өз ара дооматтарга түшүнүү менен мамиле кылып, аларды мүмкүн болушунча тар чөйрөдө чечүүгө, ошондой эле ички ынтымак, тынчтык, бир туугандык жана урмат-сый жөнүндө тынымсыз сыйынууга чакырды.