Ош благочиндигине Архипастырлык расмий сапар. Епископ Даниил Жалал-Абад шаарындагы Успения Божией Матери (Кудай Эненин Өлүмү) храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  20 мая 2018   На русском
Архипастырский визит в Ошское благочиние. Епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме Успения Божией Матери в городе Жалал-Абад

2018-жылдын 19-майында, Пасха боюнча 6-жумада, такыба Иов Многострадальныйды эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил Жалал-Абад шаарындагы Успения Божией Матери храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, Ош епархия бөлүгүнүн башчысы протоиерей Виктор Реймеген, иерей Георгий Дворовой, Успенский храмынын настоятели иерей Сергий Арбузов.

Кызмат өтөө убагында «Кудай Эненин Өлүмү» иконасынын алдында Кудай Энени даңктоо ыры ырдалды.

Кудайга сыйынууда Бишкек шаарынын Владимир соборунун ырчылар хору ырдады.

Кудайга сыйынууну аяктагандан кийин башчы Даниил чиркөө мүчөлөрүнө архипастырлык сөзү менен кайрылды, анда динге ишенген адамдарга собордук сыйынуу жана Успения Божией Матери храмында кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. “Жакында эле биз Жараткан Иисус Христти мактоо күнүн майрамдадык. Биз Жараткан Өзүн Мактоо фактысы менен бизге Кудай Чиркөөсүндө Өзүнүн көрүнбөгөн катышуусун тартуулаганы тууралуу эскеребиз жана ошондон бери Ыйык Рух аркылуу биз өлгөнгө чейин өзүбүздүн руханий абалыбызды өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Жараткан аркылуу, Анын адамдык табияты аркылуу биз өзүбүздө Кудайдын чыныгы сүйүүсүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз, биз ыйыктыкка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Буга ар бирибиз сыяктуу эле адам болуп төрөлгөн Кудай Эне мисал боло алат. Биз Кудай Энеден сүйүүнү, жөнөкөйлүктү, өзүн курмандык кылып кызмат кылууну, керт башынын камын ойлобоочулукту үйрөнүшүбүз керек. Болбосо, биздин чиркөөгө келген бардык аракетибиз пайдасыздык болот. Сүйүү – бардык нерсенин негизи. Сүйүүсүз бардык Евангелие жомоктой көрүнөт жана сүйүү менен гана Жакшы Жаңылыктын түбөлүктүү сөзү биз үчүн чындык болот жана ар бир конкреттүү жашоодо ишке аша баштайт.  Кудайдын сүйүүсү күч алганда биздин жүрөктө жамандыкка орун калбайт. Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар эч качан Кудай храмын калтырбаңыздар, бирок анын ичинде болуу менен дагы башка нерсе эмес, дал ушул сүйүү биздин жүрөктө өкүмдарлык кылышы керектигин эсиңиздерден чыгарбагыла. Буга адам тукумун сактап калуу жөнүндө сыйынуу менен, Кудай Тагынын оң тарабында турган Кудай Эненин сыйынуусу жардам берсин”.

Сөзүн аяктагандан кийин башчы Даниил храмга таштар менен кооздолгон «Скоропослушница» Кудай Эненин иконасын белекке берди жана храмдын бардык мүчөлөрү епископ Израилден ала келген жыгач крестиктерди эстелик белек катары алышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.