Ош благочиндигине Архипастырлык расмий сапар. Епископ Даниил Ош шаарындагы Архистратиг Божий Михаил храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  21 мая 2018   На русском
Архипастырский визит в Ошское благочиние. Епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме Архистратига Божия Михаила в городе Ош

2018-жылдын 20-майында, Пасха боюнча 7-жумада, Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил Ош шаарындагы Архистратиг Божий Михаил храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, Ош округунун благочинныйы жана Архангел Михаил храмынын настоятели протоиерей Виктор Реймген, протоиерей Андрей Кунавин, иеромонах Пафнутий (Денежкин), иерей Георгий Дворовой, иерей Игорь Жуматий.

Литургияны аяктагандан кийин епископ Даниил чиркөө мүчөлөрүнө архипастырлык сөзү менен кайрылды.

Өзүнүн сөзүндө башчы Даниил бул жекшемби күнү майрамдалып жаткан Биринчи Дүйнөлүк собор жөнүндө айтып берди: “Бул собор кылымдарга бекемделген чындыкты белгилеген – бул арианчылык дээрлик бардык кыйраган Рим империясын жана жаңы Византия империясын каптап калган убактагы биримдик. Арианчылык Чиркөөнү талкалап гана салбастан, элдик төңкөрүштөрдү колдоого алган – көп кан төгүлгөн. Муну көргөн тең апостолдук падыша Константин ыйык аталардын биринчи жыйынын чогултат, ага биздин улуу, ыйык туткан -  дин кызматкери Николай архиепископ Мир Ликийских жана дин кызматкери Спиридон Тримифунтский, келечектеги Александрия дин кызматкерлери катышкан. Бул адамдар Православ дининин тазалыгын коргошкон. Алгачкы кылымдарда биздин диндин постулаттарын жазуунун зарылчылыгы болгон эмес, бирок ерестердин көбөйүшү менен мындай демилге зарыл болгон. Анткени динге карата ерестик көз караштын башында турган насаатчылар акылдуу, массага таасир эте турган сөздөрдү айта билген адамдар болушкан. Алар өз трактаттарында дин жөнүндө жалган окууну ынанымдуу жеткире алышкан. Эгер бул көз караштар жеке пикир түрүндө болсо, алар православ элинин бүтүндөй массасы үчүн мынчалык кооптуу болбойт эле, бирок Ария чиркөө аянтчыларында насаат кылып жана бурмаланган окууну таңуулаган – бул бүтүндөй империянын аймагында тараган жугуштуу оору сыяктуу болгон. Ересь православ адамдардын коомун бөлөт, ал мамлекеттик кыйратууга жана аны агасы инисин өлтүргөн согушка батырууга жөндөмдүү.  Тарых көрсөткөндөй, монофизитство, несторианство, духоборчество, иконоборчество сыяктуу көптөгөн ерестер – мунун баары тынч өткөн эмес, алар дайыма өзү менен кошо кан төгүүнү, көптөгөн мыйзамсыздыкты жана эң башкысы – пикир келишпестикти жана бир коомду бир кандагы адамдардын өз ара касташкан топторуна бөлүүнү ала жүрүшкөн. Биз ушул жерде – чындык кайда, жалган кайда экенин көрө алабыз. “Аларды мөмөсүнөн тааныйсыңар”, - деген Жараткан. Чындык адамдарды бириктирет, адам коомдоштугунун күчүн жаратат, бирдиктүү Христостун Денесин – Кудай Чиркөөсүн жаратат , жалган болсо, тескерисинче, бул биримдикти касташкан топторго бөлөт, кастыкты жана адам өлтүрүүнү жайылтат. Адамзат токумунун душманынын милдети ушунда – бирдиктүү нерседен жок дегенде бир бөлүгүн жулуп алууда, андан кийин бул үзүмдү чексиздикке чейин бөлүүнү улантууда турат. Биздин орус православ элибиз он жетинчи кылымда, Патриарх Никондун реформалары убагында бөлүнүү көйгөйүнө кабылган, бул реформалар митрополит Алексий Московский убагында, ыйык Сергий Радонежский убагында эле жаралган жана бизин Чиркөө үчүн зарыл болгон. Анткени Орус чиркөөсү эсептешпей коюуга мүмкүн болбогон, айрым бөтөнчөлүккө ээ болгон. Бул бөтөнчөлүк Рустагы православ Чиркөөсүнүн жашоосунда жана салттарында калыптанган, мындан улам кудайга кызмат кылуу тексттерин жана салттарды туура түшүнүүдө жаңылыштыктарга орун берилген – бул келишпестиктерге алып келген. Православ дин кызматкерлери бул жаңылыштыктарды оңдоп келишкен, бул айрым реформаларды өткөрүү зарылчылыгын талап кылган. Бул реформалар өткөрүлгөндөн кийин, коомдо ажырым пайда болгон. Чиркөөнүн реформалар менен макул болбогон бир бөлүгү эски каадаларга кайткан. Андан ары бул ажыраган бөлүк чексиз бөлүнүүгө кабылган – жалган православдык секталардын саны өскөн, алардын айрымдары бүгүнкү күндө дагы жашап келет. Мисалы алсак, адамзат тукумунун душманы коомду бөлсө, анда ал бул ажырап калган бөлүктү эч качан тынч койбойт, ал чындыктын изин дагы, адашып калган жолун жолдоочуларды дагы акырына чейин жок кылат».

Башчы Даниил динден качкан ар бир адам тобо кылуу аркылуу оңолуу жана кайра кайтуу үмүтүнө ээ болоорун өзгөчө баса белгиледи. Ал апостол Петрду мисал келтирди, ал Христтен баш тартып, бирок өзүнүн катасын түшүнүп, Кудайдын кайрымдуулугунан үмүт үзбөй кайрадан Жаратканга келет, ошондо Иуда өзүнүн катасын түшүнүп, мүңкүрөп, Кудайдын кайрымдуулугун сурап келбей, муунуп өлүп, өзүнүн жан дүйнөсүн түбөлүк жок кылат. “Апостол Петрду эмне кулата алган жок, эмне үчүн Христтин үч ирет айтылган – “Симоне сен мени сүйөсүңбү?” сөзү аркылуу, апостол үч ирет баш тартып, кайрадан өзүнүн апостолдук кадыр-баркын кайтара алды? – Анын кулап кетишине – кыйрашына ички жүрөгүнөн тобо кылуу жана түбөлүк чындыкка кайтуу жол берген жок!”

Улуу урматтуу Ал байыркы ерестер тирүү экенин жана азыр дагы адамдарды адаштырып, өзүнүн бурмаланган окууларын радикалдуу жана катуу таңуулап, Иегова Күбөлөрү сыяутуу жалган христиандык өңүттөгү көптөгөн тоталитардык секталарды жана диний коомдоштуктарды жаратып, дүйнө жүзүндө аракет кылып жүргөнүн белгиледи.

«Христиан багытындагы чиркөөлөр дагы бар, алар менен биз канондук эмес, бир туугандык деңгээлде баарлашабыз. Виктор ата православдардын жана протестанттардын ортосунда футболдук матч өткөрүп келет. Бул жакшы иш. Алар биздин православ динибизди көрүшү үчүн, адам катары биз баарлашуубуз керек. Биз бул баарлашууда аларга үмүт бере алабыз. Биз аларды жактырбай жана сынга алып, бөлбөшүбүз керек, аларга чыныгы православ сүйүүсүнүн үлгүсүн көрсөтүшүбүз керек».

Өз сөзүнүн соңунда епископ Даниил Архангел Михаил храмынын настоятелине жана бардык чиркөө мүчөлөрүнө руханий жана дене бой бекемдигин, Кудайдын кайрымдуулугун жана жакшы иштерде ийгиликти жана православ дининин бекемделишин каалады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.