2018-жылдын 19-майында, Пасханын 6-жетилигинде, такыба Иов Многострадальныйды эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ош шаарындагы Архистратиг Божий Михаил храмында Всенощное бдение өткөрдү.
Улуу урматтуу менен бирге төмөнкүлөр кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, Архистратиг Божий Михаил храмынын башчысы протоиерей Виктор Реймген, иеромонах Пафнутий (Денежкин), иерей Геогий Дворовой, иерей Игорь Жуматий.
Всенощное бдение учурунда регент Ирина Шумилина жетектеген Владимир соборунун хору ырдап турду.