Ташкентте Орто Азия митрополия окуругунун Синодунун 2018-жылдагы алгачкы отуруму болду

  19 марта 2018   На русском
В Ташкенте состоялось первое в 2018 году заседание Синода Среднеазиатского митрополичьего округа

2018-жылдын 17-мартында Ташкенттин жана Өзбекстандын митрополия округунун Руханий-административдик борборунда Орто Азия митрополия округунун Синодунун жазгы сессиясы болуп өттү. Округдун жетекчиси Ташкенттин жана Өзбекстандын митрополити Викентийдин төрагалыгы алдында өткөн отурумда ОАМО  башкаруучу архиерейлери катышты: Түркмөнстандагы Орус Православ Чиркөөсүнүн убактылуу башкаруучусу Пятигорск жана Черкесск архиепискобу Феофилакт, Дүйшөмбүнүн жана Тажикстандын епискобу Питирим, Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил.

Сессияда Округдун епархияларынын акыркы үч айдагы иши чагылдырылган 17 журнал каралды. Журналдардын бири Орто Азия митрополия округунун Чиркөө сотун уюштурууга, Соттун Төрагасын, анын орун басарларын жана мүчөлөрүн дайындоого арналган.

Синоддун отурумунда Улуу урматтуу архипастырлар  2021-2022-жылдары Казакстандын жана Орто Азиянын митрополия округдарында өткөрүү пландалып жаткан Түркстан епархиясынын түзүлгөндүгүнүн 150 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө пикир алмашышты.

“Биз көп маселелер боюнча чечим кабыл алдык”, - деп билдирди митрополит Виконтий, Синоддун отурумунун жыйынтыктарын чыгарып жатып, - ал чечимдер биздин Орто Азия митрополия округунун бардык епархияларынын ишине тиешелүү.  Биз Орто Азия митрополия округунун Чиркөө соту жөнүндө жобону кабыл алдык, биз үчүн бул жаңы инстанция, ал биздин округдун курамында иштейт. Биздин элибиз менен дин кызматкерлеринин ортосуна Кудайыбыз ынтымак, түшүнүшү жана сүйүү берсин, эч кандай сот процесстери болбой эле койсун. Бирок эгер бир нерсе болуп кетсе, биз адамдарды тынчтыкка, ынтымакка, бири-бирин сыйлоого чакырыш үчүн жогорку деңгээлде чечим кабыл алышыбыз керек”.

Округдун жетекчиси өзүнүн сөзүндө Улуу урматтуу архипастырларга өздөрүнүн епархияларында аткарып жаткан түйшүктүү эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.

Жооп сөзүндө архиепископ Феофилакт митрополит Викентийге жылуу кабыл алганы үчүн, меймандостугу үчүн ыраазылык билдирип, Москванын жана Орустун ыйык Патриархы Кириллге Округдун епархияларына көрсөткөн камкордугу үчүн ыраазылык айта барууну өтүндү: “Бүгүн Сиз Ыйык Патриарх Орто Азия митрополия округунун ишине терең кызыгуу билдиргени тууралуу айтып бердиңиз, бул кызыгуу бул жердеги, Орто Азиядагы көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө байланыштуу болууда. Анын берген кеңештери, колдоосу өзгөчө мааниге ээ болот. Алар дем берип жана чиркөөнүн көйгөйлөрүн чечүүгө жол көрсөтүп турат”.

Өз сөзүндө Улуу урматтуу Феофилакт Синоддун отурумуна баа берди: “Бул жерде, Орто Азияда жабыр тарткан Орус Чиркөөсүнүн ыйык жаңы азап тартуучулары менен сыр төгүүчүлөрүн даңазалоо ишине кошкон салымы үчүн ыраазылык билдирүү керек. Биз сыйлыктар жөнүндө жобону бекиттик, Орто Азия митрополия округунун ыйык жаңы азап тартуучуларын изилдеп чыгууга байланышкан кызыктуу эмгектердин маанисин баса белгиледик. Бул чиркөөнүн салттарынын ырааттуулугун, жана албетте чиркөөнүн жашоосунун өнүгүп жатканын күбөлөндүрүп турат”.

Орто Азия митрополия округунун Синодунда кабыл алынган журналдар Москванын жана Орустун ыйык патриархы Кириллге, ошондой эле Синоддун кийинки отурумунда Орус Православ Чиркөөсүнүн Ыйык Синодуна берилет.

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.