Епископ Даниил Бишкектин кафедралык соборунда чин пассия өткөрдү

  05 марта 2018   На русском
Епископ Даниил совершил чин пассии в кафедральном соборе Бишкека

2018-жылдын 4-мартында, Улуу посттун экинчи жумасында Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил Бишкектин Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда чин пассия өткөрдү.

Улуу урматтуу менен бирге төмөнкүлөр кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Андрей Кунавин, протоиерей Андрей Борисенко, иерей Георгий Дворовой, иерей Сергий Чудайкин, иерей Андрей Андреев.

Маалымкат: Пассия – Улуу пост убагында жекшемби күндөрү кечкисин жүргүзүлө турган өзгөчө кудайга сыйынуу, анда Христтин азап тартуулары тууралуу жазылган Евангелия тексттери окулат.

Бул православиедегин эң кеч пайда болгон кызмат өтөө XVII кылымдын ортосунда көптөгөн литургиялык формаларды жараткан Киевдин митрополити Петр (Могило) тарабынан түзүлгөн. Пассия жылына 4 жолу болот (евангелисттердин саны боюнча: Улуу посттун экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи жекшембисинде (же жума күнү) кечкичин өткөрүлөт. Ар бир Пассияда Христтин Азап тартуулары (Аракеттери) жөнүндө баяндаган евангелие баяндары окулат. Салт боюнча, Евагелия окулуп жаткан убакта сыйынып жаткан адамдар колдоруна күйгүзүлгөн шам кармап турушат. Кызматтын соңунда сыйынуучулардын баары бата алуу үчүн Пассия учурунда храмдын ортосуна чыгарылып коюлган Распятиеге, Христтин Крестине барып, таазим кылышат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.