Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск соборунда Кудай Литургиясын өткөрдү

  26 февраля 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском соборе

2018-жылдын 25-февралында, Улуу Пост аптасында, Православиенин Салтанатын майрамдоодо Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск соборунда Кудай Литургиясын өткөрдү. Литургиядан кийин Улу урматтуу Православиенин Салтанатын майрамдоонун урматына сыйынуу жүргүздү.

Маалымкат: Православиенин Салтанаты — дени сак аң-сезимдин салтанаты

Улуу Посттун биринчи жекшембиси “Православиенин Салтанаты» деп аталат. Православиенин Салтанаты майрамы иконоборчество ересин (787-жылы VII Аалам соборунда сынга алынган),  биротоло жеңгенден кийин 843-жылы пайда болгон, бирок анын мазмуну андан кеңири.  Гректин ересь (хайресис) сөзү “алуу”, “жеңүү”, “тандоо” болуп которулат жана бардык нерселерден баш тартуу үчүн бир нерсени тандап алуу дегенди билдирет. “Ересь сөзүндө бир тараптуулук, мүмкүн болуучу пикирлердин ичинен бир гана багытка көңүл топтоо идеясын камтыйт” – деп көрсөткөн белгилүү православ ойчулу, - “Православие ааламга тиешелүү, ал эми ересь – өзүнүн табигаты боюнча партияга тиешелүү. Секта духу ушундан улам келип чыккан егоизм, руханий бөлүнүү: бир тараптуу абал шартсыз Чындыктын негизине коюлат...”. Христиандык чыгыштын ерестери – арианство, несторианство, монофизитство, монофелитство – христианчылыктагы эң ыйык нерсеге - Боговоплощение, Богочеловечествого коркунуч келтирген, демек, жер, асман, чиркөө жана свет түшүнүктөрү менен гармониялуу жашаган  бардык христиан жашоосунун негизинде турган принциптерге каршы коюлган. Православие үчүн күрөшүүчүлөр бул экстатикалык кыймылдар дээрлик таасир тийгизе элек дени сак ой жүгүрткөн Римден колдоо жана турак табышкан.

Соңунда, VIII кылымда византиялык императорлор баштаган Иисус Христостун, кудайдын энесинин жана ыйыктардын икондук жана айкелдик сүрөттөрүн куугунтуктоо бул агрессиялуу монофизиттик бир тараптуулуктун уландысы болгон. Иконоборчулукту догматикалык негиздөө аракеттери (754-жылы иконоборчулук соборунда) руханий сегич жана касиеттери бар адамдардын көзүнө көрүнүүчү Кудайдын дүйнөсүнүн образдарынын жерде реалдуу жаралуусунан баш тартууну билдирген.

Улуу посттун биринчи жекшембисни Византиялык ерестердин кыйратуучу тенденцияларын жеңип чыгууну эскерүүгө арноо менен Чиркөө дагы бир жолу өзүнүн уникалдуу экенин – дүйнө тарыхындагы жаратуучу жана куткаруучу ролун баса көрсөткөн.

Юрий Рубан,
тарых илимдеринин кандидаты, дин илимдеринин кандидаты




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости