Епископ Даниил такыба князь Александр Невский храмында тобокел канонун окууну аяктады

  23 февраля 2018   На русском
Епископ Даниил завершил чтение Великого покаянного канона в храме благоверного князя Александра Невского

2018-жылдын 22-февралында, Улуу посттун биринчи жетилигинде, бейшемби күнү түштөн кийин Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил ЖККУнун “Кант” аба базасындагы такыба князь Александр Невский храмында Улуу тобокел канонунун соңку бөлүгүн окууну аяктады.

Маалымкат: Андрей Критскийдин Тобокел канону атактуу эски насыят окуяларын жана образдарды – бейишти, Адам менен Еванын күнөөлөрүн, Ной партриархты жана суу ташкынды, Ыйык жерди баяндайт жана аларды жасалган күнөөлөр үчүн терең өкүнүү сезими менен байланыштырат. Бул канон анда камтылган көптөгөн ойлорго жана эскерүүлөргө байланыштуу, ошондой эле анда камтылган тропарлардын саны боюнча (250гө жакын) Улуу деп аталат. Канон Посттун биринчи жетилигинде окуу үчүн күндөрдүн санынан жараша төрт бөлүккө бөлүнөт. Шаршембиде жана бейшембиде Улуу канонго өтө терең руханий бузулуудан жогорку такыбалыкка чейин жеткен ыйык Мария Египетскаянын урматына бир нече тропар кошулат. Улуу канон анын жаратуучусу – ыйык Андрей Критскийди урматтаган тропарлар менен аяктайт.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.