Кадамжайда жана Ошто абитуриенттер менен жолугушуулар өттү

  19 февраля 2018   На русском
В Кадамжае и в Оше прошли встречи с абитуриентами

2018-жылдын 17-февралында Кадамжай шаарында «Светоч» ПЦПШ, Оштогу Россия илим жана маданият борбору жана Новосибирск Мамлекеттик агрардык университети уюштурган абитуриенттер менен жолугушуу өттү.

Жолугушууга А. Масалиев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучулары жана алардын ата-энелеринен турган жүздөн ашык адам катышты. Жолугушуунун башында Оштогу РИМБ директору Василий Алексеев келгендерди борбордун иши жана ишмердигинин негизги багыттары менен тааныштырды, россиялык жогорку окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө суроолорго жооп берди, андан кийин Новосибирсктен келген конок НМАУ ЖОЖго чейинки даярдоо борборунун жетекчиси Сергей Бурков өзүнүн университети жөнүндө айтып берди жана тестирлөө өткөрдү, анын жыйынтыгы боюнча мыкты жыйынтыктарга ээ болгон абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу үчүн сунушталмакчы.

Ушундай эле жолугушуу 2018-жылдын 18-февралында Ош шаарында «Светоч» мектебинин базасында өттү, анда 11-класстын окуучулары НМАУ бет ачары менен таанышып жана математика боюнча олимпиадага катышышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.