2018-жылдын 12-февралында Епархиялык архиерейдин резиденциясында, Бишкек шаарындагы Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Бишкектин жана Кыргызстандын улуу даражалуу епискобу Даниилдин төрагалыгы алдында Епархия кеңешинин отуруму болду.
Жыйынга төмөнкүлөр катышты:
Епархия кеңешинин төрагасы – Бишкектин жана Кыргызстандын улуу даражалуу епискобу Даниил;
Епархия кеңешинин катчысы – иерей Александр Пелин, Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын Епархиялык башкармалыгынын катчысы.
Епархия кеңешинин мүчөлөрү:
1. Протоиерей Алексий Сыромятников, епархиянын катчысы;
2. Протоиерей Виктор Реймген, Ош аймагынын сопусу;
3. Протоиерей Сергий Чувичкин, Ысык-Көл аймагынын сопусу;
4. Протоиерей Димитрий Шушпанов, Талас аймагынын сопусу;
5. Протоиерей Алексий Махров, Беловодск аймагынын сопусу;
6. Протоиерей Андрей Борисенко, Бишкек аймагынын сопусу;
7. Протоиерей Александр Атаманов, Чүй-Токмок аймагынын сопусу;
8. Протоиерей Андрей Кунавин, билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн башчысы;
9. Иеромонах Ираклий (Коростелев), епархиянын динаятчысы;
10. Иеромонах Макарий (Еременко), епархиянын монастырлары боюнча сопу;
11. Иеромонах Серафим (Шаталин), епархиянын Ревизия комиссиясынын төрагасы;
12. Протоиерей Александр Мезенцев, Сосновка айылындагы улуу азап тартуучу ыйык Дмитрий Солунский храмынын насаатчысы.
чакырылгандар:
1. Протоиерей Алексий Зайцев, казачество менен өз ара мамилелер боюнча бөлүмдүн жетекчиси;
2. Гизей Неонилла Максимовна, епархиянын зыярат бөлүмүнүн жетекчиси;
3. Иванова Елена Юрьевна, епархиянын юридикалык кызматынын жетекчиси.
Кеңнештин жыйынында епархиянын өтө зарыл болгон маселелери талкууланды.