Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудай литургиясын өткөрдү

  07 февраля 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 6-февралында, этке уруксат берилген жетиликте, такыба Ксения Петербургскаяны эстөө күнүндө, Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудай литургиясын өткөрдү.

Ыйык Урматтуу Епископ менен бирге кызмат өтөгөндөр: протоиерей Валентин Никонов, иерей Георгий Дворовой, иеромонах Серафим (Бондаренко), иерей Андрей Андреев.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин епископ Даниил насаат айтып, такыба Ксения Петербургскаянын өмүр жолунан мисалы келтирди. “Ыйык Ксения Петербургская жогорку жана татаал эрдикти – Христос үчүн юродчулукту тандап алган. Бул эрдик – азап чегүү, дүнүйө-мүлктөн  баш тартуу, дербиш-календерлик жана башкалар. Ыйык такыба энебиз Ксения өзүнүн руханий эрдиктерин бизге арнаган. Көзү тирүүсүндө эле көптөгөн петербургдун жашоочуларына жардамын берген. Көзү өткөндөн кийин дагы жардам сурап кайрылган ар бирибизге жардамын берип жатат”.

Ыйык Урматтуу Епископ Ксения аттуу аялдардын баарын периште күнү менен куттуктап, асмандагы коргоочу ыйык Ксениядан алардын  жан дүйнөсүн сактап калууну жалынып сурады.

Епископ ишембиде Ата-энелердин ишембиси өтөөрүн жарыялады. Жума күнү кечинде парастас кызматы менен кечки, таңкы жана заупокой сыйынуулары өтөт. Ишембинин таңында Кудай литургиясы өткөрүлүп, андан кийин панихида жүргүзүлөт.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:




На главную страницу   Все новости